Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Никсдорф: ачкачылык кармагандардын бири суу ичти


Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана Бектур Асанов.
Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана Бектур Асанов.

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенди" деген айып менен соттолгон Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков ачкачылык кармоону улантып жатышат.

Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий өкүлү Александр Никсдорф "Азаттыкка" билдирди:

- Ачкачылык кармагандардын бири - Кубанычбек Кадыров - суу жана чай иче баштады. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Баарынын абалы канааттандырарлык.

"УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин" жана "соттор адилет чечим чыгарсын" деген талаптар менен камактагы Бектур Асанов 30-январдан, Карыбеков 31-январдан, Кадыров 1-февралдан тартып "кургак ачкачылык" кармай баштаган. Ошондон кийин үчөө тең УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №47 колонияга которулган.

10-февралда алар менен жубайларынын жолугушуусуна уруксат берилген. Бектур Асановдун жубайы Алтын Эркебаева саясатчылардын абалы өтө оорлоп кеткенин “Азаттыкка” маалымдаган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы "Бектур Асанов өзү баса албай калды" деген маалыматты четке каккан.

Бишкек шаардык соту 7-февралда "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп камакка алынган Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду 12 жылга, Эрнест Карыбековду 20 жылга эркинен ажыратып, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. (NT)

XS
SM
MD
LG