Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:07

ЖК комитети Интернетте сын жазгандарды жоопко тартуу сунушун колдоду


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 12-февралда Жарандык кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды.

КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев сунуш кылган өзгөртүүлөрдө Интернетте негизсиз сын пикир жазгандарды жоопкерчиликке тартуу камтылган. Ага ылайык, моралдык чыгым катары айыпталуучуга салынган айыптын өлчөмү 20 миң сомдон кем болбошу керек.

Комитет жыйынында депутат Жанар Акаев "айыппулдун жогорку чегин мындан ашырбаш керек, бул мыйзам долбоору коомчулуктун өз пикирин ачык айтуусуна жолтоо болбошу керек" деген пикирин айтты. Ал депутаттарды мыйзам долбоорун колдобоого чакырды.

Дагы бир эл өкүлү Тазабек Икрамов айыппулдун өлчөмү 20 миңден эмес, 50 миң сомдон башталганы туура болмок деген сунуш киргизди.

Жыйынтыгында комитетке мүчө болгон он бир депутаттын ичинен үчөө -Жанар Акаев, Аида Касымалиева жана Наталья Никитенко мыйзам долбооруна каршы добуш беришти. Калгандары аны колдоп, долбоор көпчүлүк добуш менен жактырылды.

Буга чейин Кыргызстандагы атуулдук коом Жарандык кодекске киргизүүгө сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү сындап, аларды сөз эркиндигине кысым катары сыпаттаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG