Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:45

Кабулда террорчулукка каршы күрөш боюнча аймактык жыйын башталды


Кабулдагы аскер.
Кабулдагы аскер.

Ооганстандын баш калаасы Кабулда террорчулукка каршы күрөштүн жолдорун талкуулоо боюнча атайын жыйын башталды. Ага Пакистан армиясынын башчысы генерал Камар Жавед Баджва жана Борбор Азия мамлекеттеринин аскердик жетекчилери барышты.

Жыйынга АКШ менен НАТОнун өкүлдөрү да катышары күтүлүп жатат. Алардын арасында АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Жозеф Вотел жана Ооганстандагы америкалык аскерлердин башкы кол башчысы, генерал Жон Николсон да бар.

Учурда Кабул менен Вашингтон Пакистанда жашырынып жүргөн жоочуларга чара көрүүнү талап кылып, Исламабадга басымды күчөтүп жатат. Пакистандын бийлиги мындай дооматтарды четке кагууда.

Былтыр Доналд Трамп Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын жарыялаган соң Ооганстанга кошумча 3000дей америкалык аскер жайгаштырылган. Учурда АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин жалпы саны 14 миңге жетти. Өлкөдө НАТОго мүчө башка мамлекеттердин дагы жоокерлери бар.

XS
SM
MD
LG