Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:01

Жээнбеков Сегизбаевден коррупцияга каршы иштердин жыйынтыгын талап кылды


Сооронбай Жээнбеков менен Абдил Сегизбаев.
Сооронбай Жээнбеков менен Абдил Сегизбаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Абдил Сегизбаевге Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышын тездетүүнү табыштады.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, президент УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди 13-февралда кабыл алды.

Жээнбеков кыска мөөнөттө Коррупцияга каршы күрөш кызматынын ишин талдап, ал өз милдетин толук аткарып жатабы, кызматкерлер ал жерде иштөөгө ылайыктуубу деген өңдүү маселелерди кайрадан карап чыгуу милдетин койду.

«УКМКнын алдында олуттуу маселе турат – укук коргоо, сот органдарындагы жана башка мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупция менен күрөш жүргүзүү. Жыйынтык керек», - деди президент.

Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында Сооронбай Жээнбеков УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматынын форматын өзгөртүш керек экенин айтып, күч органдарындагы коррупцияга байланышкан иштерди сындаган. (SE)

XS
SM
MD
LG