Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:37

Бишкекте кудуктан адамдын сөөгү табылды


Бишкектеги селсаяктар. Иллюстрациялык сүрөт.

14-февралга караган түнү Бишкек шаарынын Свердлов районунун Достоевский көчөсүндөгү кудуктан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Окуя болгон жерде ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары иштешкен. Алар сөөктү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бишкек шаардык милициясынан кабарлашкандай, табылган адамдын тек жайы такталууда. Ал селсаяк болушу мүмкүн деген божомолдор бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG