Принтер
Экс-президент доосун төлөтүүнү соттон өтүндү
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чолпон Жакуповага таандык мүлктү жана журналист Нарын Айып жашаган батирди сатыкка чыгарууну өтүнүп сотко кайрылды. Экс-депутаттын жана журналисттин мүлкү боюнча арызды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков Бишкектин Октябрь райондук сотуна жазган. Ал Чолпон Жакупова ээлик кылган Ысык-Көлдөгү эс алуу үйүн жана Нарын Айып жашаган батирди сатыкка коюп, анын эсебинен айыппулду төлөтүүнү сураган.