Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:37

Сирияда жарадар болгон орус аскерлери Москвага жеткирилди


Дейр-эз-Зордогу авиасокку учурунда.

Бул тууралуу "Bloomberg" агенттигине жарадар аскерлердин тааныштары билдирген. Маалыматка ылайык, орусиялык аскерлердин арасында алган жаракатынан улам өмүрү менен кош айтышкандар көбөйүүдө.

7-февралда Сириянын Дейр-эз-Зор провинциясында АКШ аскерлеринин абадан урулган соккусунан улам президент Асад тарапта согушуп жүргөн 100дөн 500гө чейинки аскер адамдары мерт болушкан. Түрдүү маалыматтар боюнча, "Вагнер аскер компаниясынын" мүчөлөрүнүн ичинде жүздөгөн орусиялык аскерлер бар. Ал эми мекеменин өзү бомбаланган аймакта орусиялык аскерлер болбогонун билдирүүдө.

Сирияда АКШнын абадан урган соккусунан орусиялыктар мерт болгону тууралуу кабарды Пентагондогу булагына таянып, CBS телеканалы тараткан. Ага ылайык, жалданма аскерлер Хишамдагы мунай кенинде болушкан. Пентагондун расмий маалыматы боюнча абадан сокку урулаарда орусиялык аскерлер менен байланыш болгон, орустар ал жакта аскерлери жок экенин билдиришкен.

14-февралдын кечинде авиачабуулдан курман болгон "Вагнер жеке аскер компаниясындагы" жети орусиялык аскердин ысымдары белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG