Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 10:03

Орусияда камалган казак жараны консул менен жолугуша албай жатат


Санкт-Петербург шаарындагы түрмө.

Казакстан өткөн айда Орусиянын бийлиги тарабынан "террордук топтун ишине катышкан" деген айып менен кармалган активист Виктор Филинковдун жарандыгын ырастады. 13-февралда Казакстандын Орусиядагы элчилиги 1994-жылы туулган казак жараны Виктор Филинков 25-январда кармалганын, учурда Санкт-Петербургдагы №3 тергөө абагында камакта экенин билдирди.

«Башкы консулдук Виктор Филинковдун мыйзамдуу укуктарын коргоо жана консулдук-укуктук жардам берүү үчүн аны менен жолугушуу уюштуруу өтүнүчү менен Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Санкт-Петербургдагы өкүлчүлүгүнө кайрылган. Азырынча орус бийлигинен жооп келе элек. Бул багытта иштер уланууда», - деп жазылган басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Буга чейин маалымат каражаттары Филинковдун жубайынын сөзүнө таянуу менен ал 23-январда Киевге учуш үчүн «Пулково» аэропортуна баратканда жоголуп кеткенин жазышкан.

Филинков түрмөгө барган Коомдук байкоочу комиссиянын мүчөлөрүнө аэропортто кармалгандан кийин кыйноого алынганын айткан. Комиссиянын документтерине ылайык, Филинковдун денесинде электрошокерден калган күйүктүн издери табылган. Айыпталуучунун айтымында, аны ФСБнын кызматкерлери жана беткапчан адамдар токойго алып барып, тагылган айыптарды моюнга алышын талап кылып кыйнашкан.

25-январда Санкт-Петербургдун соту Филинковду 23-мартка чейин камакта калтырууну чечкен. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал белгисиз адамдар менен бирге «террордук ишмердүүлүк жана үгүт менен алектенүүнү, ошондой эле терроризмди актоо жана колдоону» максат кылган топ түзүшкөн.

XS
SM
MD
LG