Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 20:42

Саясий туткундарды коргоо комитети президентке кайрылды


Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана Бектур Асанов.

Кыргызстандагы Саясий туткундарды коргоо комитети абакта ачкачылык кармап отурган үч саясатчынын абалына көңүл бурууну суранып, президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылды.

16-февралда жарыяланган кайрылууда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Абдил Сегизбаевдин, соттордун, прокурорлордун ишмердигин текшерүү үчүн мамлекеттик комиссия түзүү, аларга нааразы болгон элдин үнүн угуп, мыйзамсыз иштерге чара көрүү өтүнүчү келтирилген.

Аталган кайрылууда дээрлик үч жумадан бери абакта ачкачылык кармап отурган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековдун өмүрүн сактап калуу чакырыгы да жазылган.

Аталган үч саясатчы "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен 2016-жылы камалышкан. Сот Асанов менен Карыбековду 12, Кадыровду 20 жылга кескен. Алар өздөрүнүн күнөөсүз экенин айтып, УКМК башчысынын кызматтан кетишин, сот адилеттигин талап кылып 30-январдан тарта кургак ачкачылык баштаган.

Адвокаты жана аларды көрүп чыккан депутат Жанар Акаев Бектур Асановдун абалы оор экенин билдирген. Үчөө Жогорку Кеңешке кайрылып, үн катууну сураган, бирок азырынча парламенттен жооп боло элек.

Бектур Асанов Бишкектеги №47 колонияда жатат. Эрнест Карыбеков менен Кубанычбек Кадыров 15-февралда №1 абакка которулган. Дарыгерлердин сунушу менен Кадыров 12-февралдан тарта суу иче баштаган. (SE)

XS
SM
MD
LG