Линктер

бейшемби, 24-май, 2018 Бишкек убактысы 14:13

Борбордук банктын жарыясына караганда, ал банк депозиттеринин үстөгү азыркы 15%дан 20%га чейин жогорулашына мүмкүндүк бере турган болду.

Ушул жуманын башында Ирандын улуттук акчасы риалдын америкалык долларга карата курсу рекорддук чекке чейин төмөндөп, бир доллар 48 400 риалга бааланып калган.

Ушундан улам борбор шаар Тегеранда полиция акча алмаштыруучуларга каршы чара көрүүгө чейин барды. Кеминде он акча алмаштыруу жайы жабылып, 90дой акча алмаштыруучу камакка алынды.

Өкмөт болсо валюта базарын бурмалаган 775 адамдын банк эсептери жабылганын да жарыялады.

Былтыр сентябрь айынан бери эле Ирандын улуттук акчасынын курсу 25% төмөндөгөн. Анда борбордук банк акчанын тышка кетишин токтотуу аракетинде коммерциялык банктар депозиттер боюнча кардаларына сунуш кылган үстөк өлчөмдөрүн чектей турганын билдирген.

Иран акчасынын курсунун төмөндөшүнө "АКШ 2015-жылкы өзөктүк келишимден чыгып кетеби?" деген кооптонуу да түрткү берди.

Тегерандан түшкөн маалыматтарга караганда, 15-февралдын кечинде риалдын долларга карата алмашуу курсу 47 200 менен токтоду. (UE)

XS
SM
MD
LG