Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Cербия Косовонун эгемендигин таануу боюнча соңку чакырыктарга үн ката элек


Косовонун эгемендигинин он жылдыгы. Приштина, 15-фераль, 2018-жыл.
Косовонун эгемендигинин он жылдыгы. Приштина, 15-фераль, 2018-жыл.

Евробиримдикке кошулуунун шарты катары Сербия Косовонун эгемендигин таанышы керек экенин Германия эскерткен эле.

“Эгер Сербия Евробиримдикти карай жылууну, мыйзам үстөмдүгүн орнотууну кааласа, эң башкы шарт - Косовонун эгемендигин кабыл алышы керек”, деген Германиянын тышкы иштер министри Сигмар Габриэл кечээги билдирүүсүндө.

Ал бул тууралуу Приштинада Косовонун премьер-министри Рамуш Харадинаж менен кездешкен учурда айтты.

Немис тышкы иштер министри өз өлкөсүнүн ушундай эле көз карашын Белградда болгон учурунда Сербиянын бийлигине да айтканын кошумчалаган.

Бирок Сербиянын жетекчилиги Евробиримдиктин башкы өлкөсүнүн бул билдирүүсүнө эч кандай реакция кыла элек.

Сербиянын мурдагы провинциясы Косово эртең, 17-февралда эгемендигинин он жылдыгын майрамдоого даярданууда. Косовонун эгемендигин азыркыга чейин 115 өлкө, анын ичинде Кошмо Штаттар, Евробиримдиктин 28 өлкөсүнүн 23ү тааныган.

15-февралда улуттук күнүн белгилеген Сербия мындай кадамга баруудан баш тартып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG