Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

ЖЭБ: депутаттардын суроолору жоопсуз калды


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Бишкек ЖЭБиндеги аварияны жана аны жаңылоого жумшалганы кеп болгон 386 млн. доллардын максаттуулугун иликтеген депутаттык комиссия жыйын курду.

Депутаттык комиссия алгач Бишкек Жылуулук электр борборуна барып, көчмө жыйын өткөрдү. Тиешелүү мекемелердин жетекчилери комиссия мүчөлөрүнө жылуулук борборундагы абалды журналисттердин катышуусунда тааныштырышты. Бирок маселени талкуулоого журналисттер киргизилген жок. Андан соң жыйын парламентте уланды.

Чаташкан миллиондор...

“Бир бол” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев өлкөнү 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияда ЖЭБди жаңылоого 150 млн. доллар сарпталары жазылганын, ага президент кол койгонун эске салып, "386 млн. доллар кайдан чыкты?" деп суроону кабыргасынан койду.

- Бизде 2017-жылга чейин өнүгүү боюнча бекитилген стратегия бар. Президенттин жарлыгы менен такталган. TBEA менен түзүлгөн келишим 2013-жылдын 11-декабрында ратификация болгон. Стратегия болсо 2013-жылдын 18-декабрында бекиген. Ошондо эки сан жүрөт. ЖЭБди жаңылаш үчүн стратегияда "150 млн. доллар", ратификация боюнча "386 млн. доллар" деп жүрөт. Стратегияны болсо президент менен парламент бекиткен. Муну кантип түшүнсөк болот?

Абдылдаевдин суроосуна бир да жетекчи так жооп бере алган жок. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов "маалыматты текшериш керек" деп айтуу менен чектелди.

Абдылдаев: ЖЭБдеги кырдаал боюнча адегенде өкмөттү сураш керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:36 0:00

Жыйында ЖЭБге сарпталган каражатты Эсеп палатасы толук текшере албай тургандыгы белгилүү болду. Эсеп палатасынын башчысы Улукбек Марипов TBEA менен түзүлгөн келишимде аудит жүргүзүү жол-жобосу так жазылбаганын жүйө кылып, Кытайдан алынган жабдыктардын баасын текшерүү мүмкүн эмес экенин билдирди.

Улукбек Марипов.
Улукбек Марипов.

- Биз 2015-жылкы аудиттин жыйынтыгын Жогорку Кеңешке расмий жөнөткөнбүз. Бирок ал жерде толук маалымат жок. Мен муну баса белгилеп коюшум керек. Анда тендер кандай өткөнү, насыя келишими кандай кабыл алынганы гана каралган. Ал эми толук аудит жүргүзүү боюнча жаңы гана топ түзүлдү. Биз болгону насыя Кыргызстанда кандай сарпталганын гана текшере алабыз. Ал эми жабдыктар Кытайдан кандай баага алынганын текшере албайбыз.

Буга чейин Эсеп палатасы TBEA менен “Электр станциялары” ачык акционердик коому кол койгон келишим EPC эл аралык контрактынын негизинде кабыл алынганын билдирген. Бул болсо кытайлык компания жабдыктарды, курулуш материалдарын өзү сатып алып, алардын сапатын, иштин аткарылышын өзү көзөмөлдөйт деген сөз.

Эл өкүлдөрү мындан тышкары Башкы прокуратура ЖЭБдеги аварияга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугуна да токтолушту. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев “Шалаакылык” беренеси менен кылмыш иши кызмат адамдарына карата гана козголорун эске салды. Ал атайын кызмат ЖЭБдин карапайым кызматкерлерин суракка алып жатканын сынга алды.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев териштирүүнүн жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр аныкталарын айтты.

Нурлан Дүйшөмбиев.
Нурлан Дүйшөмбиев.

- Кылмыш иши козголгондон кийин иш УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына жөнөтүлгөн. Ал жерде тергөө тобу түзүлдү. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Биз болсо тергөөнүн жүрүшүн көзөмөлдөп жатабыз. Бул абдан көлөмдүү иш, көп убакытты талап кылат. Ошондуктан азыр тигил же бул күнөөлүү деп айта албайбыз. Тергөөнүн жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр аныкталат.

26-январда Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, борбор шаар беш күн бою жылуулуксуз калган. Буга байланыштуу борбордун директору жана “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун жетекчисинин орун басары "шалаакылык кылган" деп иштен алынган. Аварияны иликтеген өкмөттүк комиссиянын баштапкы жыйынтыгы боюнча кырсыкка адам фактору себеп болгон. Депутаттык комиссия авариянын себептери менен кошо ЖЭБди жаңылоого жумшалган 386 млн. доллардын чоо-жайын да иликтеп жатат.

"Ыңгайсыз суроолор": 386 млн. доллар кайда короду?

386 млн. доллар кайда короду?
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:19 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG