Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Крым соту украин жаранын 6,5 жылга эркинен ажыратты


Андрей Захтей сотто. 5-декабрь, 2016-жыл.
Андрей Захтей сотто. 5-декабрь, 2016-жыл.

Орусия аннексиялап алган Крымдын Жогорку соту украиналык Андрей Захтейдин иши боюнча өкүмүн 16-февралда жарыялады. "Диверсия даярдаган, куралды, ок дарыны жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактаган, документ жасаган" деп айыпталган украин жараны алты жарым жылга эркинен ажыратылды. Ал ошондой эле 220 миң рубль айып төлөөгө милдеттендирилди.

Орусиянын коопсуздук кызматтары Захтейди жана дагы бир украиналык Евгений Пановду 2016-жылы август айында Крымда кармаган. Орусиялык тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, украин жарандары “диверсиялык топ” катары Крымдагы ар кандай объекттерде террордук кол салууларды жасамак.

Захтей тергөө менен кызматташуу боюнча макулдашуунун алкагында көз карандысыз адвокаттан баш тартып, күнөөсүн мойнуна алган. Ал макулдашуунун чоо-жайы белгисиз. Аны менен чогуу кармалган Евгений Панов өзүнчө соттолот деп күтүлүүдө. Расмий Киев эки украиналыкка тагылган айыпты четке кагып, алардын камалышын “чагым” деп атаган.

2014-жылы Крым аннексиялангандан бери Орусия бир нече украиналыкты абакка кести. Адам укугун коргоочулар ал сот өкүмдөрүнүн саясий жүйөсү бар экенин айтып келишет. (UE)

XS
SM
MD
LG