Чүй облусундагы Ала-Арча улуттук паркында аскадан кулап кеткен эки альпинисттин бирөө табылып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Кырсык 15-февралда болгон. Литванын жарандары Сайкаускас Салиюс менен Кейскас Крупский Алис саякаттап жүрүп, чуңкурга түшүп кеткен. Издөө иштери 16-февралда башталган.
Башкы штабдан тартылган тик учактын жана министрликтин куткаруучуларынын жардамы менен Кейскас Крупский Алис жаракат алган абалда табылган. Адистер аны тик учак менен бүгүн түштө Бишкек шаарына алып келип, “Медия” клиникасына жаткырышты.
Ал эми экинчи альпинист тууралуу азырынча маалымат жок. Аны издеп-куткаруу иш-чаралары уланып жатат. (ErN)