Принтер
Казакстан кыргыз депутаты кармалганын ырастады
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Бишкектин нотасына жооп берип, кармалган кыргызстандыктардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экенин ырастады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Казакстанда буга чейин айтылгандай эки эмес, төрт кыргыз жараны кармалганы белгилүү болду. Алардын арасында депутат Дамирбек Асылбек уулу да бар.