Евробиримдиктин дипломаттары Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичке каршы санкцияларды узартууну көздөп жатышат. Ошол эле маалда анын эки шеригине каршы жазалоочу чаралар алынып салышы мүмкүн.
Аттарын атабаган дипломаттар "шаркет Януковичтин жакын адамы Сергей Клюевди жана юстициянын мурдагы министри Олена Лукашты мамлекеттик каражатты максатсыз пайдаланууга тиешеси бар адамдардын тизмесине киргизиши үчүн жетиштүү далилдер жок" дешет. Ал эми калган 13 кишиге каршы санкциялар узартылат. Кара тизмеде экс-президенттен тышкары анын уулу Александр, мурдагы премьерлер жана башкалар бар.
Януковичтин бийлиги кулагандан көп өтпөй Евробиримдик анын өзүнүн жана айланасындагылардын активдерин камоо өңдүү чараларды көргөн. Экс-президент Украианадан качып, ушу тапта Орусияда баш калкалоодо.