Эмил Кайкиев тышкы иштер министринин орун басары кызматынан бошотулду.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка 20-февралда премьер-министр Сапар Исаков кол койду.
Анда Кайкиевдин бошотулганы анын башка жумушка өткөндүгү менен түшүндүрүлдү.
Эмил Кайкиев бул кызматта 2015-жылдан бери иштеп келген.