Спорт боюнча эл аралык арбитраж соту орусиялык керлингчи Александр Крушельницкийди допинг эрежелерин бузууга күнөөлүү деп тапты. Тиешелүү чечим бүгүн, 22-февралда жарыяланды.
Бир нече саат мурда аталган сот бүгүн бул иш боюнча атайын угуу өтпөсүн билдирген. Ага Эл аралык Олимпиада комитети, Дүйнөлүк керлинг федерациясынын өтүнүчү негиз болгон. Крушельницкий өзү да жараянга катышуу укугунан баш тарткан.
"Азыркы антидопинг эрежелери формалдуу бузулганын кабыл алам" деп жазылат анын арызында. Бирок спортчу тыюу салынган мельдонийди атайын колдонбогонун кайталаган. Мурдараак ал уткан коло медалын кайтарып берерин да билдирген.
Крушельницкий спорттук өнөктөшү жана жубайы Анастасия Брызгалова экөө Пхёнчхаң оюндарында 13-февралда керлингден коло медал уткан. 19-февралда анын канынан тыюу салынган мельдоний табылганы ырасталган.