Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Бишкекте үч кичиавтобус кагылышып, 11 киши жабыркады


Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт.
Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт.

Бишкек шаарында жүргүнчү ташыган үч кичиавтобус кагылышып, 11 киши жабыркады. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов “Азаттыкка” билдирди.

Ал кабарлагандай, жол кырсыгы бүгүн түш чендерде Жусуп Абдрахманов көчөсүндө болгон. Жүргүнчүлөрдүн ташыган №130-каттамдын кичиавтобусу алдында келаткан №145-каттамдын кичиавтобусун сүзүп, экөө чогуу №100-каттамдын транспортуна такалып калган.

Кырсыктан 11 киши жабыркап, ооруканага жеткирилген. Алардын үчөөнүн абалы оор, 41 жаштагы жүргүнчүнүн эки кабыргасы сынып, дагы экөөнүн мээси чайкалып калганы аныкталган. Калган жүргүнчүлөр медициналык кароодон өткөндөн кийин чыгып кетишти.

Окуя болгон жерде Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн жол кырсыктарын тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери иликтөө иштерин алып барууда.

Баштапкы маалыматтарга караганда, кырсыкка айдоочулар аралыкты сактабай айдаганы себеп болгон. Окуянын башка жагдайлары териштирилүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG