Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Нидерланд парламенти армян кыргынын геноцид деп тааныды


Нидерланд парламентинин имараты.
Нидерланд парламентинин имараты.

Нидерланд парламенти 22-февралда 1915-жылда Осмон империясынын тушунда 1,5 миллион армяндын жапырт өлтүрүлүшүн геноцид деп тааныды.

Негизги партиялардын баарынын колдоосу менен кабыл алынган чечим Гаага менен Анкаранын дипломатиялык мамилесин ого бетер начарлатышы мүмкүн.

Былтыр голландиялыктар түрк министрине шайлоо өнөктүгү маалында Нидерландда жашаган түрктөргө үгүт жүргүзүүгө уруксат берген эмес.

Өткөн кылымдын башында 1,5 миллиондой армяндын кырылышын буга чейин кеминде 20дай өлкө геноцид катары тааныган.

Түркия болсо мындай аныктамаларга каршы чыгып, армяндар Осмон империясынын эмес, Биринчи Дүйнөлүк согушка байланышкан толкундоолордун курмандыгы болгонун айтып келет.

XS
SM
MD
LG