Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Черногория: элчиликтин жанында өзүн жардырган кишинин каты табылды


АКШнын Черногориядагы элчилиги.
АКШнын Черногориядагы элчилиги.

Черногориянын полициясы АКШнын Подгорицадагы элчилигине граната ыргытып, кийин өзүн өзү жардырып жиберген сербиялык киши кат жазып калтырганын ырастады. Полициянын атын атагысы келбеген өкүлдөрү "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, 43 жаштагы Далибор Яуковичтин өз жанын кыяр алдында жазган каты алты барактан турат. Бирок азырынча ал каттын толук мазмуну тууралуу так маалымат айтыла элек.

Бейшембиде АКШнын Мамлекеттик департаменти Яукович Черногориянын НАТО уюмуна кошулушуна каршы болгонун кабарлаган. 22-февралга караган түнү Подгорицада болгон бул окуядан башка эч ким жабыркаган эмес.

1999-жылы Черногория Югославиянын бир бөлүгү болуп турган кезде Түндүк атлантикалык альянстын учактары 78 күн бою Сербияны бомбалап, Косоводогу согушка чекит коюлган. Ал эми былтыр Черногория НАТОго кошулуп, блоктун 29-мүчөсү болуп калган.

XS
SM
MD
LG