Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан Жумагуловдун тапшырмасы менен имамдар бирдиктүү формага өтө баштады. Учурда Ысык-Ата районунун 47 имамы казыяттын расмий логотиби басылган атайын форма тиктиришти.
Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, дин кызматкерлери бирдиктүү форманы өз каражатына тиктиришет. Эми мындан кийин имамдар ар кандай расмий жыйындарга бирдиктүү форма кийип барышат.
Коомчулукта дин кызматкерлеринин кийимине байланыштуу ар кандай сындар айтылып келет.