Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:27

АКШнын биатлончулары Орусияда өтүүчү дүйнөлүк кубокко бойкот жарыялашты


АКШлык биатлончу.
АКШлык биатлончу.

Март айында Тюменде өтүүчү дүйнөлүк кубок сезонуна АКШнын биатлон федерациясы бойкот жарыялады. Бул тууралуу федерация "Твиттер" баракчасында кабарлады.

Анда "Орусия дагы деле Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин кодексине ылайык иш алып барбайт жана ал өлкөгө спортчулардын барышы коркунучтуу" деп жазылган.

Федерация Биатлон эл аралык союзунун дүйнөлүк кубокту Тюменде өткөрүү чечими туура эмес болгонун сындады.

Эл аралык олимпиада комитетинин өкүлү Марк Адамс АКШнын биатлон федерациясынын чечимине комментарий берип жатып, "бойкот аркылуу бир нерсеге жетүү мүмкүн эмес" деп билдирди.

Өткөн жылдын аягында Канаданын биатлон ассоциациясы дагы Тюмендеги мелдешке бойкот жарыялаган. Алар өз чечимин Орусиянын антидопинг системасына ишенбегени менен байланыштырган.

XS
SM
MD
LG