Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 19:26

Москва жана Санкт-Петербургда 25-февралда маркум Борис Немцовду эскерүү жүрүшү болот.

Үч жыл мурда Москванын чок ортосунда киши колдуу болгон Немцов жүрүшү дагы бир нече ири шаарларда пландалууда. Катышуучулар Кремлге каршы туруунун беделин эл аралык деңгээлде көрсөтүүнү көздөйт.

Владимир Путинди кескин сындаган Немцов 2015-жылы 27-февралда Кремлге жакын көпүрөдө окко учкан. 2017-жылы июль айында Москва соту Түндүк Кавказ аймагынан, чечен тектүү беш адамды бул кылмышка айыптап, бир нече жылга соттогон. Бирок Немцовдун тарапташтары ал бийликтин буйругу менен киши колдуу болду деп келишет. (BCh)

XS
SM
MD
LG