Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

Украиналык диджей Кыргызстанды сындады


Түнкү клубдардын бири
Түнкү клубдардын бири

Украиналык Юлия Михайлова (DJ Julia Mixa) аттуу диджей “Инстаграм” “толеранттуулугу төмөн өлкөнү көрүп таң калып жатам. Кыргызстан артисттер үчүн "кара тизмеге" кирди” деп жазды. Бул билдирүүлөр кыргыз интернет колдонуучулар арасында кызуу талкуу жаратууда.

18-февралда Бишкектеги түнкү клубдардын биринде көкүрөгү ачык турган Юлия Михайлованын сүрөтү Интернетке тараган. 21-февралда күч органдары аны “бейбаштык” беренеси менен беш күнгө камакка алган. Эртеси диджейдин жактоочусу Бишкек шаардык сотуна арызданып Михайлова бошотулган.

Жакында эле Казакстандагы блоггер кыз түнкү клубда кыздарды чечинткен сынакты алып барганы үчүн үч күнгө камалып, Инстаграм баракчасы тосмолонгону белгилүү.

XS
SM
MD
LG