Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 14:12

БУУнун жыйынында Ирандын санкцияга кабылган министри cүйлөйт


Ирандын юстиция министри Алиреза Аваи.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин жылдык сессиясында "укук бузду" деген жүйө менен эл аралык санкцияга кабылган Ирандын юстиция министри Алиреза Аваиге сөз берилет. Бүгүн Женевада баштала турган жыйындын алкагында 100дөй өлкөнүн жогорку жетекчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан үч күндүк саммит өтөт.

Адам укуктарынын абалын талкуулаган бул жыйында Аваиге сөз берилишин баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Ирандын каршылык көрсөтүү улуттук кеңеши" сындап чыкты.

- Аваиге Адам укуктары боюнча кеңешке кайрылууга уруксат берүү - бул уят иш, БУУну жана анын адам укуктары боюнча механизмин шылдыңдоо, - деди кеңештин мүчөсү Шахин Гобади.

Евробиримдик менен жыйынды өткөрүп жаткан Швейцария кезинде Ирандын башкы прокурору болгон Аваиге "адам укуктарын тебелеген", "адамдарды негизсиз камаган", "туткундардын укуктарын көз жаздымда калтырган", "өлүм жазасын көбөйткөн" деген жүйө менен санкция киргизген.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин жылдык сессиясы 23-мартка чейин уланат.

XS
SM
MD
LG