Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Венгр өкмөт башчысынын партиясы маанилүү шаарда утулуп калды


Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын партиясынын талапкери маанилүү шаардын мэрин шайлоодо оппозицияга утулуп калды. "ФИДЕС" партиясы өлкө түштүгүндөгү 45 миң киши жашаган Ходмезовасархей шаарын соңку 20 жылдан бери колдон чыгарбай келген эле.

Жекшембидеги шайлоонун баштапкы жыйынтыктарына ылайык, оппозициячыл талапкер Питер Марки-Зай добуштардын 57,5 пайызына, "ФИДЕС" партиясынын талапкери Золтан Хегедус 41,5 пайызына ээ болду.

Премьер-министрдин оңчул-улутчул партиясы бул шаарда жеңишке жетээрине ишенип турган. Бул шаардагы шайлоонун жыйынтыгы 8-апрелге белгиленген парламенттик шайлоого да таасирин тийгизиши мүмкүн.

Виктор Орбан Орусиянын Евробиримдиктеги эң жакынкы өнөктөшү катары мүнөздөлүп келет.

XS
SM
MD
LG