Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

Бектур Асанов №1 тергөө абагына которулду


Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана Бектур Асанов.
Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана Бектур Асанов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, абакта 20 күндөн ашык ачкачылык кармаган Бектур Асанов Бишкектеги №1 тергөө абагына которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлады.

Асанов өткөн жуманын соңунда №47 абактан которулган. Буга саясатчынын ачкачылыкты токтоткону себеп болду.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы саясатчынын саламаттыгына тергөө абагындагы дарыгерлер көз салып турарын маалымдады.

Буга чейин Асанов менен кошо соттолгон жана ачкачылык кармаган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров жана эксперт Эрнест Карыбеков Бишкектеги тергөө абагына которулган болчу. Кийин Кадыров Молдовановкадагы №27 колонияга которулган.

Оппозициячыл саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен 2016-жылы камалган. Райондук жана шаардык сот Асанов менен Кадыровду 12 жылга, Карыбековду 20 жылга кескен. Алар өздөрү күнөөсүз экенин айтып, кылмыш ишин козгогон УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин, сот адилеттигин талап кылып 30-январдан тартып "кургак ачкачылык" баштаган.

Саламаттыгы кескин начарлаганына байланыштуу саясатчылар 22-февралда ачкачылыкты токтоткон. (BkA)

XS
SM
MD
LG