Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Бишкекте кыргыз-британ бизнес форуму өтөт


Кыргыз-британ билим форуму. 21-январь, 2018-жыл.
Кыргыз-британ билим форуму. 21-январь, 2018-жыл.

Бүгүн Бишкекте кыргыз-британ бизнес форуму башталат. Ага эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсү, соода-сатык боюнча өнөктөштөр, расмий өкүлдөр катышат.

Бизнес форумду Экономика министрлиги менен Британиянын Кыргызстандагы элчилиги биргелешип уюштурууда. Элчиликтин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Эмил Сүйүналиевдин “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча, Британиядан электрондук өкмөт, коопсуздук жана маалымат базасын башкаруу, пайдалуу заттарды кайра иштетүү, билим берүү жана юридикалык кызмат көрсөтүү багытында иштеген, тажрыйбасы мол жети компаниянын өкүлдөрү келишкен.

Форумдун жүрүшүндө британиялык ишкерлер Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушат.

Кыргыз-британ форуму быйыл экинчи ирет өтүп жатат. Биринчи форум былтыр февралда өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG