Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

Кыргызстанда текстил жана кездеме саткан базарлар текшерилет


"Дордой" базары. Архивдик сүрөт.
"Дордой" базары. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти өлкөдөгү текстил саткан базарлар менен дүкөндөрдү текшерет.

Буга Казакстандын Караганды шаарында Кыргызстандан өндүрүлгөн кийим-кечекте формальдегид деген уулуу зат табылганы тууралуу маалымат себеп болгонун бул департаменттин башчысы Төлөн Исаков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, казак тарап бул маселеге байланыштуу расмий түрдө кайрыла элек.

- ЕАЭБдин шартына ылайык, казак тарап бизге кат жүзүндө кабар бериши керек эле, бирок азырынча кайрыла элек. Биз казакстандык агенттиктер жарыялаган маалыматтарды иликтей баштадык. Бишкектеги текстил сатылган "Дордой", "Ош", "Мадина" базарларын, Кара-Суудагы базарларды текшере баштадык. Формальдегид -кездемелердин курамына кошулуучу зат. Бизде сатылган кездемелердин 90% Кытайдыкы, калганы Түркия, Корея жана башка өлкөлөрдөн келет.

Кыргызстанда текстил менен кийим-кеченин сапатын текшере турган үч чоң лаборатория бар. Былтыр өлкөдө тигилген балдар менен чоңдордун кийимдерине жүзгө чукул иликтөө жүргүзүлүп, бензолдун, формальдегиддин, толуолдун курамын аныктоодо белгиленген өлчөмдөн ашыкча уулуу заттар чыккан эмес.

23-февралда Казакстандын Караганды облусунда Кыргызстанда тигилген балдар кийиминен уулуу заттар табылганы тууралуу "Tengrinews" сайты Коомдук саламаттыкты коргоо департаментинин жетекчисинин орун басары Юрий Залыгинге шилтеме берип кабарлаган. Анда шаардын санитардык кызматы дүкөндөрдө жана базарларда сатылган балдар кийимдеринде зыяндуу формальдегид затынын өлчөмү нормадан көп экенин аныкталганы айтылган. Маалымат каражаты товарлар сатыктан алынып, аны сатып жаткан ишкерлерге 200 миллион теңге айып салынганын жазган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG