Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Өнөр жайды өнүктүрүүнүн стратегиясы иштелип чыгат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын өнөр жай тармагы алгачкы жолу изилденип чыкты.

Муну Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму (ЮНИДО) менен кошо ишке ашырды.

Артыкчылык берилген багыттар аныкталып, анын негизинде бул тармакты өнүктүрүү стратегиясы иштелип жатат. Бул маселе бүгүн Бишкекте “Аймактарда өнөр жайды өнүктүү” деген темадагы тегерек үстөлдө талкууланарын аталган комитеттин жетекчисинин орун басары Алымбек Орозбеков “Азаттыкка” кабарлады:

- Изилдөөгө карап ЮНИДО программасы менен өнөр жайды орто мөөнөткө өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыга баштадык. Негизги багыттар катары жеңил өнөр жай, тикмечилик, тамак-аш өндүрүү, кайра иштетүү эсептелген. Мындан сырткары энергетика жана курулуш материалдарын өндүрүү тармагы да кирет.

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмуна былтыр, 2017-жылы мүчө болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG