Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов өзү башкарган мекеменин жылдык коллегиясында билдирди.
Министрдин айтымында, маданият тармагындагы бирин бири кайталаган айрым кызматтар жоюлат. Өзгөрүүлөрдүн алкагында райондук гезиттерди интернет-портал форматына өткөрүү каралууда.
Жумагулов театрлардын ишин да өзгөртүп, учурдагы шартка ылайыкташтыруу зарыл экенин белгиледи. Министр эл театрга барбаса, театр элге барышы керек деген пикирин билдирди. (BkA)