Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Түштүк Корея: экс-президент 30 жылга кесилеби?


Түштүк Корея: экс-президент 30 жылга кесилеби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:35 0:00

Түштүк Кореядагы сотто айыптоочулар мурдагы президент Пак Кын Хени 30 жылга кесип, 127 млн доллар жазана төлөтүүнү өтүнүштү. Ал жемкорлукка жана кызматтык кыянатчылыкка шектелип камакка алынган. Словакия бийлиги журналист Ян Куцьяктын өлүмүн ачабыз деп, күнөөлүүлөрдү аныктоого көмөк көрсөтчү адамга 1 млн евро сыйлык убада кылды. Сибирдин суугу Римди каптап, алты жылдан бери биринчи ирет дүйшөмбүнүн түнүндө 10 сааттай кар жаады. Мектептер менен бала бакчалар жабылып, транспорттук тейлөө кызматынын иши үзгүлтүккө учурады. Түркиядагы мамлекеттик төңкөрүш аракетине айыпталган алты журналист өмүр бою абакка кесилди. Эл аралык коомчулук буга нааразы.

XS
SM
MD
LG