Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Премьер чет элдиктердин ишке уруксат алышын жеңилдетүүнү тапшырды


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Премьер-министр Сапар Исаков чет элдик жарандарга ишке уруксат берүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Премьер бул маселе талкууланган жыйында акыркы кезде чет элдик жарандар ишке уруксат алууда кыйынчылыкка учурап жатканы тууралуу арызданып жатышканын айтып, ишти жөнгө салуу керек экендигин билдирди.

- Миграция кызматы быйыл чет элдиктерге ишке уруксат берүү жараянын создуктуруп жиберди. Канча адамга квота берүү боюнча документтер өз убагында аткарылган эмес. Маселе каралып чыгышы керек, - деди Сапар Исаков.

Бул үчүн Миграция кызматына бир апталык убакыт берилди.

Миграция кызматынын маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанда иштөө үчүн чет өлкөлүк 14 490 адамга квота бөлүнгөн, анын 75 пайызы толгон. Кыргызстанда иштеп жаткан чет элдиктердин көпчүлүгү кытайлык жарандар.(BkA)

XS
SM
MD
LG