Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Тажикстанда трансулуттук наркокартелдин жолбашчысы 18 жылга кесилди


Тажикстанда Ооганстандан келген маңзаттар өрттөлгөн учур. 2015-жыл.
Тажикстанда Ооганстандан келген маңзаттар өрттөлгөн учур. 2015-жыл.

“Азаттыктын” тажик кызматынын маалыматына караганда, Мусалмон Холовго жана анын үч шеригине карата алгачкы инстанциядагы соттун өкүмү 21-февралда чыккан. Сот өкүмгө комментарий берүүдөн баш тартты.

Мүчөлөрү соттолгон трансулуттук наркокартел тогуз адамдан турат, алар Ооганстандан келген жүктү Тажикстан аркылуу Орусияга жеткирүү менен алектенишкен.

Тажикстандын маңзаттарга көзөмөл агенттигинин директорунун орун басары Муртазо Хайдарзоданын жакындагы басма сөз жыйында билдиргенине караганда, наркокартелдин соттолгон лидери Мусалман Холов былтыр августтагы атайын операция учурунда кармалган. Атайын операцияны Тажикстандын жана Орусиянын күч түзүмдөрү биргелешип жүргүзгөн.

Расмий өкүл акыркы эки жылда Орусияда Тажикстандын Яван районунун 163 тургуну маңзат соодасы боюнча айыпталып кармалганын, аларды наркокартелге Мусалман Холов “азгырганын” кошумчалаган. (UE)

XS
SM
MD
LG