Аксы районундагы “Кербен” аэропорту кайрадан ишке киргизилет. Бул тууралуу 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болуп, тиешелүү токтом кабыл алынды.
Депутат Алмазбек Эргешов баяндама жасап, оору-сыркоолорду алып келүү жана жергиликтүү тургундардын жол түйшүгүн азайтуу максатында аэропорттун ишин калыбына келтирүү керек экенин билдирди.
Эргешовдун айтымында, Аксы районунда 350 миң калк жашайт. Өзбекстан менен мамиле оңолуп баратканын эске алганда Аксы менен чектеш Өзбекстандын Наманган шаарынын тургундары дагы аэропорт кызматын колдонушу мүмкүн. Андыктан анын иши өзүн-өзү актайт.
Эл өкүлү Жанар Акаев жыйында авиакаттамдын ачылышына “Авиатрафик” компаниясы кызыкчылыгы бар экенин маалымдады. Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев аэропортту реконструкциялоого тендер жарыяланганын белгиледи.
Кербендеги аэропорт 40 жыл мурун курулган. Советтер Союзунда аэропорт аркылуу учактар такай каттап турчу. (NT)