Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 20:01

Орусиянын Олимпиада комитетинен санкциялар алынды


Орусиянын Олимпиада комитетинин президенти Александр Жуков, 28.02.2018

Эл аралык Олимпиада комитети Пхёнчхаң оюндарындагы допинг тесттин жыйынтыгына карап, шаршембиде Орусиянын Улуттук олимпиада комитетине киргизилген санкцияларды алып салды.

Орусиянын Олимпиада комитетинин президенти Александр Жуков эми "уюмдагы мүчөлүгүбүз калыбына келди, спортчуларыбыз мелдештерге Орусиянын желеги алдында чыга алышат" деди.

Төрт жыл мурда Сочи оюндарында допинг эрежелерин жапырт бузган, буга мамлекет кийлигишкен деген айыптоолордон кийин Орусиянын Эл аралык олимпиада комитетине мүчөлүгү былтыр токтотулган.

Ага улай Орусия курамасы Пхёнчхаң оюндарынан четтетилип, кызытма тесттен өткөн гана спортчуларга Олимпиаданын желеги астында оюндарга катышууга уруксат берилген.

XS
SM
MD
LG