Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:40

Милиция полиция болуп өзгөрөт


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргыз өкмөтү милицияны полиция деп кайра түзүү демилгесин көтөрдү.

Премьер-министр Сапар Исаков "Коопсуздук жана кылмыштардын алдын алуу" темасында 1-мартта Бишкекте өткөн жыйында милициянын коом менен байланышын жакшыртуу үчүн полиция түзүмүн киргизүү маселеси талданып жатканын билдирди.

Анын айтымында, милицияны полиция деп кайра түзүү үчүн чет мамлекеттердин тажрыйбасы изилдене баштады:

Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

- Биз өзүбүздүн команда, Ички иштер министрлиги менен милицияны полиция кылып өзгөртүү маселесин иликтеп жатабыз. Бул өтө маанилүү фактор. Милиция – советтик доордон бери келаткан милитаристик, авторитардык, аскердик түзүм. Милициянын ишине коомчулуктун таасири аз. Полиция болсо мамлекеттик укук коргоо органы. Грек тилинен которгондо "полиция" мамлекет же шаар деген сөздү туюндурганына карабастан, анын милдети - кызматташтык, жарандар менен байланышуу, аларга кызмат көрсөтүү, укуктарын жана эркиндигин коргоо. Мен милицияны кайра түзүү боюнча тапшырма бердим.

Сапар Исаков милициянын иш-милдеттери да өзгөрөт деп ишендирүүдө. Премьер кошумчалагандай, демилгени жүзөгө ашыруу убакытты жана белгилүү бир суммадагы акчаны талап кылат. Ага карабай, өкмөт маселени терең салмактап чыгып, жараянды баштоого камданууда. Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы, "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев өкмөттүн соңку демилгесин колдойт. Ал өлкөнүн милициясы толук өзгөрүүгө муктаж деди:

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

- Бул боюнча көп жылдан бери талкуу болуп жатат. Милициянын аталышы эле эмес ички дүйнөсү да өзгөртүлөт. Аты гана өзгөртүлөт дегенди түшүндүрбөйт. Полициянын артында анын концепциясы, ички структуралары да бар. Милиция дүйнө жүзүндө административдик режимдердин атавизми экени белгилүү. Ошол себептен демократиялык мамлекеттер укук коргоо, кылмыштуулук менен күрөшкөн органдарды полиция деп атап, анын ички мүмкүнчүлүктөрүн оңдой баштайт.

Коррупционерлердин "кара тизмеси" түзүлөт

Коррупционерлердин "кара тизмеси" түзүлөт

Кыргызстанда мындан ары кызматтык кылмыштарга, коррупцияга байланыштуу айыпталган милиция, прокуратура кызматкерлерине, судьяларга карата бөгөт чарасы катары камакка алуу гана колдонулат. Айыбы аныкталып, соттолгондордун атайын "кара тизмеси" түзүлүп, аларга мамлекеттик кызматта иштегенге таптакыр тыюу салынат.

Кыргыз өкмөтү ЕККУнун көмөгү менен 1994-жылдан бери Ички иштер министрлигин реформалоо аракетин көрүп, төрт жолу атайын программа кабыл алган. Бирок коомдо милициянын кадыр-баркы артып, ишеним көбөйдү деп айтууга болбойт. Тескерисинче милиция кызматкерлеринин дарегине сын күч.

Коомдо өкмөт башчынын азыркы демилгеси ар түрдүү талданып жатат. Маселен, "Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык биримдигинин өкүлү Урмат Казакбаев жакынкы жылдарда милиция полиция болуп өзгөрүшүнө жана бул органдын иши жакшырышына көзү жетпейт.

Казакбаев муну Кыргызстанда укук коргоо органдарындагы реформалар аягына чыкпай жатканы менен негиздеди:

Урмат Казакбаев.
Урмат Казакбаев.

- Кыргызстанда саясий абал туруктуу эмес. Ошондуктан, мунун ишке ашуусу өтө кыйын. Премьер-министр ким болбосун жок дегенде үч жыл иштесе жүзөгө ашат. Бизде ашып кетсе эки же бир жыл иштеп атат. Ал эми бир-эки жыл ичинде мындай өзгөртүүлөрдү жасоо мүмкүн эмес.

Милициянын отставкадагы полковниги, көз карандысыз эксперт Равшан Абдыкеримов болсо милициянын функцияларын өзгөртмөйүнчө реформа болбойт деген көз карашты карманат. Бирок ал үчүн олуттуу кадамдар керек дегендердин бири:

- Аталышын эле өзгөртүп полиция деп койгондон эч кандай натыйжа болбойт. Мисалы, Орусияда ушундай реформа жүргөн. Орус бийлиги милицияны полиция деп атаганы менен функциялары мурунку бойдон калганын көрүп жатабыз. Аларда иш жүзүндө реформа жүрүп жатат, бирок жакшы жетишкендиктерге алып келди деп айтуу кыйын. Ошол себептүү реформадан майнап чыгаруу үчүн көп нерсе биздин өкмөттөн, Ички иштер министрлигинин жетекчилигинен жана коомчулуктан да көз каранды.

Кыргызстанда реформанын алкагында укук коргоо тармагындагы бир катар мекемелердин аталышы буга чейин да өзгөртүлгөн. 2016-жылдын 1-апрелинде Ички иштер министрлигинин алдындагы МАИ жана Жол кайгуул кызматтары бириктирилип, Патрулдук милиция башкармалыгы ишке киришкен. Арадан бир жарым жыл узабай өкмөттүн токтому менен аталган мекеме жоюлуп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы болуп кайра түзүлдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG