Линктер

дүйшөмбү, 18-июнь, 2018 Бишкек убактысы 21:10

Казакстандын Мангистау облусунда автоунаа күйүп, жети киши набыт болду. Каза болгондордун алтоо Өзбекстандын жарандары.

Кырсык 1-мартта Актау-Бейнеу жолунда, Шетпе кыштагынын аймагында болгон. Shacman жүк унаасы менен Lada Largus жеңил автомашине сүзүшүп, Lada күйүп кеткен. Андагы жети жүргүнчү ошол жерде каза болушкан. Маркумдардын алтоо Өзбекстандын Хорезм облусунун тургундары экенин "Азаттыктын" өзбек кызматы Казакстандагы маалымат булактарына таянып кабарлады.

18-январда Казакстандын Актөбө облусунда өзбекстандык мигранттар бараткан автобус күйүп, 52 киши жашоо менен кош айтышкан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG