Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 01:33

Карабатандагы өрт жети кишинин өмүрүн жалмады


Казакстандын Атырау облусундагы жатаканада чыккан өрт жети кишинин өмүрүн алды. "Азаттыктын" казак кызматы жергиликтүү булактарга таянып билдиргендей, Карабатан кыштагындагы жатаканада 2-мартта эртең менен өрт тутанган. Кырсыкта алты адам жеринде набыт болуп, төртөө жараат алышкан. Алардын бири 3-мартта көз жумган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрт электр зымдагы кыска туташуудан чыккан. Ал кезде жатаканада 20дай адам болгон.

XS
SM
MD
LG