Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Жарандык коом президенттин демилгесин колдоп митингге чыгат


Кыргызстандагы жарандык коом өкүлдөрү 5-мартта Бишкекте тынчтык митингине чогулуп, сот жана укук коргоо тармагындагы жемкорлукту жана мыйзам бузууларды токтотууга чакырышмакчы. Акция Жогору соттун имаратынын жанында өтөрүн уюштуруучулардын бири Рита Карасартова "Азаттык" радиосуна билдирди:

-Президент коррупцияга каршы пикир билдирип, жемкорлукка каршы күрөшкө колдоо көрсөткөндөй болбодубу. Биз мамлекет башчынын демилгесин колдойбуз. Бирок анын натыйжасы кандай болгонун да талап кылабыз. Жардамыбыз керек болсо, даярбыз.

Карасартова митинг мыйзам эрежелери менен уюштурулуп жатканын, мэрияга кабар берип, макулдашылганын кошумчалады.

Уюштуруучулар арасында активисттер Клара Сооронкулова, Адил Турдукулов жана башкалар бар.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында күч органдарындагы коррупцияга каршы күрөштү сындап, жемкорлукту жоюу боюнча милдеттерди койгон.

Коопсуздук кеңешинин соңку чечиминде коррупционерлердин "кара тизмесин" түзүлөрү жазылган. (SE)

XS
SM
MD
LG