Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Словакияда журналисттин өлүмүнө шектелгендер үй камагына чыгарылды


Маркумдарды эскерүү
Маркумдарды эскерүү

Словокияда журналист Ян Куциактын өлүмүнө шектелген жети киши үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 3-мартта Tvnoviny.sk сайты кабарлады. Шектүүлөрдүн баары Италия жарандары. Алардын бири Италиядагы белгилүү "Ндрангета" мафиясына мүчө экени айтылат. Аталган топ адам, курал жана маңзат соодасы менен алектенет. Маркум журналист словакиялык саясатчылардын аталган топ менен ымаласын иликтеп жаткан.

Словакияда журналист өлтүрүлгөндөн кийин премьер-министрдин жардамчысы Мария Трошкова, Коопсуздук кеңешинин катчысы Вилиам Ясань, башкаруучу партиянын мүчөсү, маданият министри Марек Мадьярич кызматтан кетишкен.

27 жаштагы Ян Куциак менен анын курбу кызынын сөөгү 26-февралда Братиславадан 65 чакырым жердеги Велка-Мака шаарындагы үйүнөн табылган.

Aktuality.sk интернет басылмасы жана Коррупцияны, уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча эл аралык борбор менен (OCCRP) менен кызматташкан журналист акыркы кезде Евробиримдиктин фондунан Словакияга бөлүнгөн каражатты колдонууга италиялык мафиянын аралашканы, бул ишке премьер-министр Роберт Фицонун тегерегиндеги адамдардын да тиешеси бар болушу мүмкүн экенин иликтеп жаткан.

XS
SM
MD
LG