Бишкекте 20 өлкөнүн балбандары күрөштүн түрлөрү боюнча күч сынашып жаткан Азия чемпионаты бүгүн, 4-мартта аяктайт. Таймаштар 27-февралдан бери Спорт ордосунда уланууда.
Чемпионаттын акыркы күнүндө балбандар эркин күрөш боюнча беш медал топтому үчүн күч сынашат.
Кыргызстандын намысын Улукбек Жолдошбеков (61 кг), Муслим Евлоев (74 кг), Динислам Таалайбек уулу (86 кг), Бактияр Карагул уулу (92 кг) жана Мурат Рамонов (125 кг) коргоодо.
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы жалпы командалык эсепте 1-орунду алган.
Балбан Акжол Махмудов Азия чемпиону болгон.
Кыз-келиндер күрөшүнөн беш кыз Кыргызстандын атынан килемге чыгып, алардын арасынан Мээрим Жуманазарова (68 кг.) коло байге алды.
3-мартта эркин күрөш боюнча мелдештер башталып, кыргыз балбандарынан Айбек Усупов (97 кг.) менен Эламан Догдурбек уулу (70 кг.) коло байгеге күрөшүп, жеңилишти. (SE)