4-мартта Бишкектеги спорт ордосунда күрөш боюнча 31-Азия чемпионаты аяктады. 27-февралда башталган мелдештерде балбандар грек-рим, кыз-келиндер күрөшүнөн жана эркин күрөштөн 30 топтом медал үчүн күч сынашты.
Мелдештин акыркы күнүндө эркин күрөштөн беш салмакта байгелер ойнотулду. Бул күнү Кыргызстандын балбандарынан Муслим Евлоев (74 кг) чемпион аталса, Улукбек Жолдошбеков (61 кг) коло байге алды.
Жалпы командалык эсеп боюнча эркин күрөштө Өзбекстандын курама командасы 1-орунду алды. 2-орунду Иран, 3-орунду Казакстандын командасы ээледи. Кыргызстандын командасы 9-орунга жайгашты. Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасында бир алтын жана бир коло байге бар.
Кыз-келиндер күрөшүнөн командалык эсепте 1-орун Кытайдын, 2-орун Монголиянын, 3-орун Жапония курама командасына буюрду. Кыргызстандын командасы 9-орун алды. Кыргызстанга таандык жалгыз коло медалды 68 кг. салмакта күрөшкөн Мээрим Жуманазарова алды.
Грек-рим күрөшүнөн 1-орунду Кыргызстандын командасы ээледи. Күрөштүн бул түрүнөн кыргыз балбандары бир алтын, үч күмүш, төрт коло байге алып жалпы 157 упай топтогон. Бул күрөштөн Азия чемпиону наамын Акжол Махмудов (72 кг) алды. Командалык эсепте 2-орунду Казакстан, 3-орунду Өзбекстан ээледи. (ECh).