Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Путин Орусия өз жарандарын АКШга бербей турганын айтты


Владимир Путин Москвада шайлоочулар менен жолугшууда. 3-март, 2018-жыл.
Владимир Путин Москвада шайлоочулар менен жолугшууда. 3-март, 2018-жыл.

Президент Владимир Путин "2016-жылы АКШда болгон шайлоо өнөктүгүндө хакерлик чабуул койгон" деп айыпталган орусиялык жарандарды Москва эч качан бербей турганын америкалык NBC телеканалы менен болгон маегинде айтты.

«Алардын орус өкмөтүнө же орус бийлигине тиешеси жок. Алар эмне кылышканын билбейм. Эгер күмөн саноо болсо америкалык кызматташтар бизге толук маалымат беришсин, карап чыгабыз" – деп Путиндин айтканын “Интерфакс” агенттиги жазып чыкты.

"Москва хакерлерди береби?" деген суроого ал «Орусия эч качан өз жарандарын экстрадициялабайт» - деп жооп берген.

Февралдын ортосунда АКШда атайын прокурор Роберт Мюллер 13 орусиялык жаранга жана үч ишканага «АКШга каршы кутумга» жана «көз боёмочулукка» барган деген айып таккан.

Вашингтон айыптагандардын арасында ишкер Евгений Пригожин, «Интернетте иликтөө жүргүзүү» агенттигинин 12 кызматкери бар.

XS
SM
MD
LG