Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 16:21

“Дордой” базарынын айрым кампаларында ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов кабарлады.

Азырынча тинтүү иштеринин толук чоо-жайы айтыла элек. УКМК кийинчерээк кенен маалымат берилерин билдирди.

Буга чейин массалык маалымат каражаттарында Коррупцияга каршы мамлекеттик кызмат салык кызматында жана бажы терминалдарында тинтүү жүргүзүп жатканын жазып чыгышкан.

Бирок Мамлекеттик салык кызматы “Дордой” базарындагы тейлөө борборунда эч кандай тинтүү жүрбөгөнүн, кадимкидей иштеп жатканын, ал эми Бажы кызматы бул тууралуу маалыматы жок экенин маалымдашты. (TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG