Линктер

шейшемби, 21-август, 2018 Бишкек убактысы 01:17

Бишкек-Ош жолуна 449 тонна асфальт төшөлбөй калганы аныкталды


Жол оңдоо иштери. Архивдик сүрөт.

Кыргыз транспорт прокуратурасы Бишкек-Ош автожол мамлекеттик дирекциясынын №9 жол оңдоо ишканасын текшерип, бир катар мыйзам бузуу фактыларын аныктады.

Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, 2017-жылы аталган ишкана Бишкек-Ош жолунун 132-138-чакырымдарында курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзгөн. Анын документтеги сметалык баасы 24 миллион 345 миң сом деп жазылган. №9 жол оңдоо ишканасынын кызмат адамдары жалдануучу фирмалар менен өз ара келишип алып, жол-курулуш эрежелерин сактабай, жогорулатылган баада асфальт төшөгөн.

Башкы көзөмөл органы тараткан билдирүүдө иш жүзүндө долбоордо жазылган асфальттын ичинен 449 тонна асфальт төшөлбөй калганы айтылат.

Ошондой эле мыйзамсыз иштерди жаап-жашыруу максатында жол оңдоо иштерине экспертиза жүргүзүлбөгөнү, бул иштерден мамлекет 1 миллион 219 миң сом зыян тартканы кошумчаланган.

Транспорт прокуратурасы жол оңдоо иштерине байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 304 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 166 ("Алдамчылык") беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG