Линктер

шейшемби, 21-август, 2018 Бишкек убактысы 01:18

"Өгөй кызын зордуктады" деп камалган киши 15 жылга кесилди


Иллюстрациялык сүрөт.

Жабыркаган кыздын жакындары Өзгөн райондук сотунун мындай чечимине нааразы болуп, Ош облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылышканын маалымдашты. Алар облустук соттон шектүүнү өмүр бою абакка кесүүнү өтүнүп жатышат.

Жакындарынын айтымында, 16 жаштагы кызды өгөй атасы мурда эле зордуктап жүргөн. Бул тууралуу секелектин боюна бүтүп, төрөгөндөн кийин белгилүү болгон.

Бул окуя боюнча 2018-жылдын 27-февралында Өзгөн райондук соту кыздын өгөй атасын күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан. Бирок шектүү сотто күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Жабырланган кыз учурда таенесин колунда тарбияланып жатат. Ал эми секелек төрөгөн ымыркай балдар үйүнө тапшырылган. (YI/TSh)

XS
SM
MD
LG