Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:21

Астана экстремизмге каршы күрөшүүгө 270 миллиард теңге бөлөт


Сүрөт "Ак Жайык" гезитинин сайтынан алынган.
Сүрөт "Ак Жайык" гезитинин сайтынан алынган.

Казакстандын бийлиги экстремизм менен терроризмге каршы күрөш үчүн беш жылдын ичинде 270 миллиарддан ашык (840 миллион доллар) теңге бөлүүгө ниеттенүүдө.

Бул тууралуу 6-мартта Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Нургали Билисбеков өкмөт жыйынында диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөш чаралары тууралуу 2018-2022-жылдар үчүн даярдалган мамлекеттик программанын долбоорун тааныштырып жатып билдирди.

Анын айтымында, программада жалпысынан 80 иш-чараны аткаруу каралган. Аларды ишке ашырыш үчүн беш жылдын ичинде 270 миллиард теңге бөлүү каралууда. Анын 209,3 миллиарды республикалык, 6,7 миллиарды жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт.

"Чыгымдар укук коргоо органдарын жана башка тиешелүү кызматтарды заманбап техникалар, курал-жарак менен камсыздоо, алдын алуу иш-чараларын уюштуруу, ошондой эле кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин арттырыш үчүн каралган", - деди Билисбеков.

XS
SM
MD
LG