Линктер

дүйшөмбү, 18-июнь, 2018 Бишкек убактысы 21:12

Оштун Өзгөн районунда жер көчкү коркунучу бар жердеги жашоочулар коопсуз аймактарга көчүрүлө баштады. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашевдин буйругу менен Зергер айыл аймагындагы Ничке-Сай, Аюу, Зергер, Кайрат кыштактарына 130 чатыр тигилди.

Облустук бийликтин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган айылдарда 351 кожолуктун турак жайы көчкү коркунучу бар жерлерде жайгашкан. Анын 106сы башка жакка көчкөн.

Кооптуу аймактарда жашагандарга эгемендик жылдардын башынан бери бөлөк жакка көчүүгө жер, ссуда берилерин, тургундар конуш алмаштырбай келатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдаган. Андай учурлар Жалал-Абад облусунда да бар.

2017-жылдын 29-апрелинде Өзгөн районундагы Аюу-Сай айылында жети үйдү жер көчкү басып калган. Топурак алдында калган алты үйдөн 24 киши каза болгон. Алардын тогузу балдар. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG